Коом

Япония Кыргызстанга заманбап көчмө клиника жана жаңы меджабдууларды берет

Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолукту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жаатындагы маселелер талкууланды.

Тараптар «Ала-Тоо» депутаттык тобунун Японияга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары боюнча пикир алмашып, анын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

Андан тышкары, Жапон өкмөтүнүн гранттык жардамынын алкагында элчилик аркылуу Кыргызстанга берилчү эки мобилдик клиника боюнча да маселе көтөрүлдү. Алсак, аталган көчмө медициналык клиника магниттик-резонанстык томография (МРТ), компьютердик томография, рентген жана ультра үндүү изилдөө (УЗИ) аппараттары менен толук жабдылмакчы.

Муну менен катар баарлашуунун жүрүшүндө Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Кыргызстандын ортосундагы алакалардын учурдагы абалы, биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле алдыдагы пландар тууралуу кеңири сөз болду.

Масабиров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, айрыкча саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана инфраструктура тармактарындагы өнөктөштүк жигердүү өнүгүп жатканын мисал кылды.Өз кезегинде элчи Хирано Рюити эки тараптуу келишимдерди өз убагында ратификациялап, кызматташтыкты өнүктүрүүгө туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылыгын билдирди.

Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн алкагындагы 2026-жылы Улуттук жүрөк хирургиясы борборуна заманбап медициналык жабдууларды жана Республикалык онкология жана гематология борборуна эки санарип маммография аппаратын алып берүү пландалууда. Ошондой эле 2027-2028-жылдары Ош облустук клиникалык ооруканасына жана Ош облустук онкология борборуна жаңы медициналык жабдуулардын келүүсү күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button