Окуялар
Орто-Сайдагы тоодо чыккан өрт таңга жуук толук өчүрүлдү

Орто-Сай айылына жакын жердеги флагшток орнотулган тоодо чыккан өрт түнү бою уланып, таңкы саат 05:08де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кургак чөптүн күйүп жатканы тууралуу кабар өткөн түнү түшкөн. Саат 01:05те өрттү өчүрүүгө Ленин районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. 01:35те Октябрь районунан дагы бир бөлүм, ал эми 01:50дө Ленин районунан үчүнчү бөлүм кошулган.
Чүй райондук ӨКМ башкармалыгынын нөөмөтчү кызматкеринин маалыматына ылайык, өрт болжол менен 10 гектар аянтты каптаган. Окуядан жабыркагандар катталган жок.



