Балыкчы – Кочкор темир жолу жакында пайдаланууга берилет

Балыкчы – Кочкор жаңы темир жолунда жолду акыркы даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда поезддердин кыймылынын натыйжалуулугун жана кошумча коопсуздугун камсыз кылуу максатында темир жолдо алгачкы жолу заманбап ВПО-С үлгүсүндөгү машинанын жардамы менен жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана акыркы бүтүрүүчү иштерди жүргүзүүдө.
Аталган техника «Казакстан темир жолу» акционердик коому тарабынан убактылуу пайдаланууга берилген.
«Адистештирилген техниканы колдонуу темир жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана жолдун туруктуулугун акыркы ирет камсыз кылуу боюнча иштердин толук комплексин аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул иштер жаңы темир жол линиясын куруунун акыркы этаптарынын бири болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгендей, жогорку өндүрүмдүү техниканы пайдалануу темир жолдун геометриялык тактыгын камсыздап, келечектеги поезд кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, ошондой эле курулуш иштеринин сапатын жана аткаруу ылдамдыгын кыйла жакшыртат.
Балыкчы — Кочкор жаңы темир жолунун жалпы узундугу 63,4 километрди түзөт. Учурда бул тилкенин жана Кочкор бекетинин эки кабаттуу имаратынын курулушу аяктап жатат.



