Маданият

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде 1-августта «Салбуурун» фестивалы өтөт

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 1-августта «Салбуурун» фестивалы өтөт. Бул тууралуу «Салбуурун» федерациясы билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чара кыргыз элинин маданий салттарын сактоого, аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жамааттарды колдоого багытталган.

Фестивалдын коноктору үчүн аңчы куштардын, тайган жана алабай иттеринин, кыргыз тукумундагы жылкылардын, «Арашан» кой породасынын көргөзмөсү, аңчылык олжолору жана шаймандары, таш иштеткен усталардын эмгектери жана башка көптөгөн кызыктуу экспонаттар сунушталат.

Ошондой эле мыкты бүркүтчүлөр, атчан жаачылар жана каскадёрлор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Фестивалдын маанилүү бөлүгү катары улуттук күрөш, Эр Оодарыш, жаа атуу боюнча мелдештер, бий жана ыр сынактары уюштурулуп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылат. Мындан сырткары, каалоочулар аңчы куштар, аттар, төөлөр жана топоздор менен сүрөткө түшө алышат.

Иш-чара кыргыз эстрада ырчыларынын, көмөйчүлөрдүн, добулбасчылардын жана фольклордук топтордун катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Тектеш кабарлар

Back to top button