Коом
ШКУ өлкөлөрүндө 2028-жыл Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланышы ыктымал

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан 2028-жылды ШКУ өлкөлөрүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону сунуштаганын билдирди.
Демилге Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмесинде көтөрүлдү. Мамбеталиевдин айтымында, кеңешменин катышуучулары бул сунушту колдоп беришкен.
Эми маселе ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде каралышы керек.



