«Алтынкен» ишканасы тоо боорундагы кытай тилиндеги жазууларга түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда «Алтынкен» ишканасы жайгашкан аймакта тоо бооруна кыргызча менен катар. кытай тилиндеги жазуулар боюнча маалымат тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Аталган компаниядан эки тилде жазылган ураанды алып салуу боюнча иштер башталганын билдиришти.
«Бул жазуу 2015-жылы ошол учурдагы бийликтин талабы менен экологияны сактоого чакырык катары жазылган. Ал учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, чакырык эки тилде берилген. Анын бир гана кен байлыкты өндүрүү менен бирге жаратылышты, тоолорубузду жана сууларыбызды сактоо. Бул жерде эч кандай саясий маани жок, бул ар бир кызматкерди жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөгөн экологиялык чакырык», — деген.
Компаниядан ал кезде кызматкерлердин 60 пайызга жакыны кытайлык адистер болсо, бүгүнкү күндө иштегендердин 95 пайызы кыргызстандыктар экенин айтышкан.



