Маданият

«Кара. Кызыл. Сары» тасмасы ШКУ кинофестивалынын баш байгесин жеңди

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кинофестиваль уюмга мүчө мамлекеттерден келген кинематографист, режиссёр, актёр, сценарист жана продюсерлерди бир аянтчага бириктирди.

Фестивалдын алкагында сынактык кино көрсөтүүлөр, чыгармачылык жолугушуулар, тегерек столдор жана кино тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган талкуулар уюштурулду.

«Жабылуу аземинде фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталып, негизги номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды. Башкы сыйлык – Гран-при «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарткан «Кара. Кызыл. Сары» көркөм тасмасына ыйгарылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Аземде маданият министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, фестивалга катышкан өлкөлөргө, эл аралык калыстар тобуна жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал кино маданияттардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоодогу маанилүү күч экенин белгилеп, фестиваль ШКУ өлкөлөрүнүн кино тармагындагы кызматташтыгына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын айтты.

Белгилей кетсек, кинофестиваль 16-19-июлда өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button