Алматы — Бишкек трассасы сегиз тилкеге чейин кеңейтилет

Казакстандын Алматы облусунда Алматы — Бишкек республикалык маанидеги автожолунун 19–27-чакырым аралыгын кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы билдирди.
Долбоор Казакстандын эң жүктөмү көп транспорттук каттамдарынын бирин жаңылоого багытталган. Бул жол аркылуу күн сайын 70 миңден ашуун унаа өтөт.
Реконструкция аяктагандан кийин Алматы шаарына кирүү жана чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңейип, жол кыймылынын коопсуздугу жогорулап, жол жүрүү убактысы кыскарат.
Маалыматка ылайык, азыркы төрт тилкелүү жол унаалардын көп агымын көтөрө албай жатат. Натыйжада бул тилкеде тыгындар байма-бай болуп, унаалардын орточо ылдамдыгы төмөндөп, жол кырсыктарынын коркунучу жогорулайт.
Долбоордун алкагында жол төрт тилкеден сегиз тилкеге чейин кеңейтилет. Ошондой эле «така» тибиндеги эки жол түйүнү, тогуз жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү, жол боюндагы тротуарлар, сырткы жарыктандыруу системасы курулуп, жаңы асфальт төшөлөт.
Курулуш иштерин толугу менен аяктап, жолду унаа кыймылы үчүн 2027-жылдын декабрына чейин ачуу пландалууда.



