Окуялар
22 жаштагы кыз Бостери айылында зордукталганын айтып арыз жазды

Бишкек шаарынын тургуну Ысык-Көл районунун Бостери айылында зордуктоо болгонун айтып, милицияга арыз менен кайрылган.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 22 жаштагы кыздын айтымында, 21-июлда саат 23:30дан 00:30га чейинки убакыт аралыгында 1995-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну көл жээгинде тигилген чатырда анын макулдугусуз жыныстык катнашка барган.
Арыз ээси суракка алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы маалымдалды. Арызда көрсөтүлгөн жаран аныкталып, суракка алуу үчүн жеткирилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо, далилдерди чогултуу жана мыйзам чегинде чечим кабыл алуу боюнча текшерүү иштери уланууда.



