Коом

Германияда кыйын жагдайда калган кыргызстандык студенттер боюнча ТИМ билдирүү таратты

Германияга иштегени барып качкындардын турагында калган кыргызстандык студенттер боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Министрлик студенттер туш болгон кырдаал иликтенип жатканын билдирди. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев маселени чечүү үчүн Бремен шаарына жөнөп жатканын социалдык тармакка жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, жүздөн ашык студент жайкы программа аркылуу барып, жумушсуз калган. Учурда алар качкындардын жатаканасында баш калкалап турушат. Жаштар ал жерде баңгизатка байланган адамдар да бар экенин айтууда.

Студенттерди алып барган уюмдун өкүлдөрү интернетте туура эмес маалымат тарап жатканын билдирди. Алардын айтымында, ал жерде 80 студент бар. Ошондой эле аларга иш табууга аракет кылып жаткандыктарын айтышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button