Бишкекте медиктер үчүн спорттук эс алуу жайы ачылды

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда (ММКФ) кызматкерлердин активдүү эс алуусу жана дене тарбия көнүгүүлөрү менен машыгуусу үчүн жаңы велнес-зона ачылды.
Мекемеден билдиришкендей, анын ачылышына саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов, фонддун төрагасы Азамат Муканов жана кызматкерлери катышты.
Маалыматка ылайык, жаңы мейкиндикте теннис столу, шахмат бурчу, машыгуу велосипеди жана башка спорттук шаймандар орнотулган.
Велнес-зона ММК фонду менен Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин биргелешкен демилгесинин алкагында ачылды. Ал кызматкерлердин активдүү эс алуусуна, дене тарбия менен машыгуусуна жана сергек жашоо образын колдоого шарт түзөт.



