Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

«Абитуриент online» автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматына ылайык, абитуриенттерди каттоо 29-июль күнү саат 14:00гө чейин уланат.
Белгилей кетсек, кабыл алуунун алгачкы эки турунда абитуриенттерден 61 миңден ашык электрондук талон катталган.
Анын ичинде:
21,6 миңи — бюджеттик орундарга;
39,5 миңи — контракттык окууга.
Жогорку окуу жайлар 41,6 миң абитуриентти окууга кабыл алууга сунуштаган.
Тандаган адистиги боюнча окууга болгон ниетин 30 миңден ашык адам тастыктаган:
23,7 миңи — контракттык негизде;
6,4 миңи — гранттык негизде.
Кабыл алынгандардын арасында эң көп тандалган багыттар:
педагогикалык жана гуманитардык адистиктер;
экономика жана каржы;
медицина;
маалыматтык технологиялар;
юриспруденция.
Жалпысынан кабыл алуу кампаниясы беш турда өтөт. Быйыл мамлекет тарабынан болжол менен 10 миң гранттык орун каралган.



