Саясат

Касымалиев курулуш министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыялады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыялады.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тартиптик жаза жүктөлгөн кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн берилген.Ошол эле учурда сөгүш министрдин катышуусундагы мушташ тууралуу тараган маалыматтарга байланыштуубу же жокпу такталган эмес.

Буга чейин социалдык тармактарда 22-августта Талас облусунда чыр чыккандыгы тууралуу маалымат тараган. Анда Нурдан Орунтаев Таластагы курулуш объектилеринин биринде подрядчы менен мушташка катышкан деп айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button