Коом

Бишкек — Казань каттамы кечигүүдөн кийин учуп кетти

NordWind авиакомпаниясынын Бишкек — Казань багыты боюнча учкан учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:48де «Манас» эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААК маалымдады.

Эске салсак, Казань аэропортунда «Ковер» режими киргизилип, аба кемелерин кабыл алуу жана учуруу убактылуу чектелгендиктен каттам белгисиз мөөнөткө кечиктирилген.

Бул каттамга жалпы 192 жүргүнчү катталган. Учактын учушун күтүп жаткан учурда жүргүнчүлөр аэропорттун стерилдүү аймагында болушкан. Авиакомпания аларды ысык тамак менен камсыздаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button