Байге фонду 3 млн сом. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык айтыш өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз жана казак акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.
Алардын айтымында, тандоо туру 10-августта Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин, ал эми айтыш 10:00дө башталат.
Тандоо туруна буга чейин республикалык жана эл аралык сынактардан өткөн акындар катыша алышат. Катышуучулардын жуптары чүчү кулак аркылуу аныкталып, «алым сабак» форматында күч сынашат. Ар бир жупка 5 мүнөткө чейин убакыт берилет.
Тандоонун жыйынтыгында эң көп упай топтогон 8 акын кийинки баскычка өтөт. Финалдык айтыш 2–4-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өтөт.
Катышуучулар импровизация чеберчилиги, сөз байлыгы, тапкычтыгы, ойдун курчтугу, аткаруу чеберчилиги, комузда ойноо өнөрү, сахна маданияты, ошондой эле улуттук баалуулуктарды жана руханий мурасты чагылдыруу жөндөмү боюнча бааланат.
Айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурууда.



