Түндүк Кипрде бычакталган кыз Кыргызстандын жараны болуп чыкты

Түндүк Кипрдеги супермаркетте бычактан оор жаракат алган кыз Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталды. Буга чейин Казакстандын айрым ЖМКлары аны Казакстандын жараны катары маалымдашкан. Бул маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тактады.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 22 жаштагы Жанерке Абдразакова Казакстанда төрөлгөнү менен, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган.
«Жабырлануучу Казакстандын аймагында төрөлгөн, бирок Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат», — деп билдиришти Казакстандын ТИМинен.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек.
Кол салуу 3-август күнү саат 11:45 чамасында Түндүк Никосиянын Ташкынкөй районундагы Metropol Market супермаркетинде болгон. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, белгисиз себеп менен эркек адам кызга бычак менен кол салып, андан соң өзүнө да жаракат келтирген.
Жабырлануучу менен шектүү Түндүк Кипрдеги мамлекеттик доктор Бурхан Налбантоглу атындагы ооруканага жеткирилген. Учурда экөө тең дарыланууда. Казакстандык ЖМКлардын маалыматына ылайык, кыздын абалы өтө оор деп бааланууда.



