Окуялар

Бишкекте BMW унаасынан оюнчук автомат чыгарган жигит кармалды

Бишкекте Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде BMW үлгүсүндөгү унаанын багажнигинен автоматка окшош буюмду алып чыккан жаш жигит милиция тарабынан аныкталды. Бул окуянын видеосу 5-августта Instagram тармагына жарыяланган.

Аталган факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы териштирүүгө чейинки текшерүүнү баштаган.

Милиция кызматкерлери видеодогу адамдын өздүгүн аныктап, анын 2004-жылы туулган А.К. экенин белгилешти. Ага карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Текшерүү учурунда жигит автоматка окшош буюмду өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп берген. Кийин анын оюнчук автомат экени аныкталган.

Милиция коомдук тартипти бузууга жол бербөөгө жана мыйзам талаптарын сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button