Кара-Сууда 17 жаштагы кызды турмушка берген апасы, күйөөсү жана молдо күнөөлүү деп табылды

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту райондун үч тургунун нике курагына байланыштуу мыйзамдарды бузганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Алар — 17 жаштагы кыздын апасы, анын күйөөсү жана нике кыйган молдо. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.
Иштин материалдарына ылайык, 2025-жылы Кашкар-Кыштак айылында 17 жаштагы кыз менен 30 жаштагы эркектин диний нике (нике кыюу) жөрөлгөсү өткөрүлгөн. Никени жергиликтүү молдо кыйган. Сот кыздын апасы алдын ала күйөө баланын туугандары менен кызын турмушка берүү боюнча макулдашканын аныктаган.
2026-жылдын апрель айында кыз кош бойлуулук боюнча каттоого туруп, 22-майда уул төрөгөн.
Бул иш боюнча айыпталуучулар катары кыздын күйөөсү, апасы жана нике кыйган молдо өткөн. Үчөө тең күнөөсүн толугу менен мойнуна алышкан.
Сот алардын күнөөсүн моюнга алганын, мурда соттолбогонун жана жоопкерчиликти оорлотуучу жагдайлар жок экенин эске алып, ар бирине үч жылдан эркинен ажыратуу жазасын белгиледи. Бирок жаза бир жылдык пробациялык көзөмөл менен алмаштырылды.
Пробация мезгилинде аларга өлкөдөн чыгууга тыюу салынат, айына эки жолу пробация органдарына катталып турууга жана кайра коомго көнүктүрүү (ресоциализация) программаларына катышууга милдеттендирилет.
Кыргызстанда нике курагы 18 жаш болуп белгиленген. Бирок өзгөчө учурларда атайын комиссиянын корутундусунун негизинде аны 17 жашка чейин төмөндөтүүгө уруксат берилет.
Эл аралык укук коргоо уюму Equality Now уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 20–24 жаштагы кыздардын болжол менен 13 пайызы 18 жашка толо электе турмуш курган.



