«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 12 атайын унааны берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 12 атайын унааны тапшыруу аземине катышты.
Саламаттык сактоо тутумунун өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөгөн Улан Маматканов калктын ден соолугун сактоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жарандарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Акыркы жылдары өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүп, мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө. Экономикалык өсүш ар бир жарандын жашоо сапатынан көрүнүшү керек. Саламаттык сактоо тармагында да ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү, дары-дармектердин керектүү запасын түзүү, аларды сатып алуу жана жеткирүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча системалуу иштер жүрүп жатат», — деди ал.
Минкаб төрагасынын орун басары ата мекендик фармацевтика өнөр жайынын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы дагы белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө фармацевтикалык продукциянын өндүрүш көлөмү 1,7 эсеге өстү.
«Биздин милдет – бул оң динамиканы бекемдеп, ата мекендик фармацевтика өнөр жайын жаңы деңгээлге чыгаруу. Инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартуу, өндүрүштү кеңейтүү жана импортко көз карандылыкты этап-этабы менен азайтуу зарыл», — деди Улан Маматканов.
Ал ошондой эле өндүрүүчүдөн баштап бейтапка чейинки бирдиктүү фармацевтикалык чынжырды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул процессте «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын өзгөчө ролу бар экенин айтты. Иш-чаранын алкагында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана дары-дармектерди медициналык мекемелерге, анын ичинде алыскы аймактарга өз убагында жеткирүү үчүн арналган 12 атайын унаа тапшырылды.
Белгилей кетсек, 12 атайын унаанын 6сы мамлекет башчысы тарабынан берилди. Өзүнүн автопаркы түзүлгөнгө чейин ташуулардын олуттуу бөлүгү жеке транспорт уюмдарынын жардамы менен ишке ашырылып келген.
Улан Маматканов ошондой эле алдыдагы мезгилде саламаттык сактоо тутумунун өзгөчө жоопкерчилигин белгиледи. Анткени 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгынын алкагында жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар өтөт.
«Бул күндөрү Кыргызстанга чет элдик делегациялар, спортчулар жана коноктор көп келет. Мындай масштабдагы иш-чаралар бардык мамлекеттик органдардын жогорку даярдыгын жана так ишин талап кылат. Саламаттык сактоо тутуму толук даяр болушу керек», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.



