Коом

Бишкекте далилдерди камсыз кылуу жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүк маселелери боюнча семинар болуп өттү

Бишкек шаарында «Далилдерди камсыз кылуу сот адилеттигине жеткиликтүүлүктүн алдын алуу чарасы катары» деген темада научно-практикалык семинар болуп өттү.

Иш-чара сот системасы менен нотариаттын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерине жана жарандардын укуктарын коргоонун алдын алуу механизмдерине арналды.

Семинарга Чүй облустук сотунун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Ирина Горшковская, Чүй облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Жыргал Мурзалиева, Аламүдүн райондук сотунун судьялары жана нотариат коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Семинардын катышуучулары сотко кайрылганга чейин далилдерди тез арада каттоодогу нотариалдык аракеттердин ролуна өзгөчө көңүл бурушту. Эксперттер далилдер базасынын жоголуу коркунучун алдын алуунун жана процессуалдык укук нормаларын практикада натыйжалуу колдонуунун жолдорун талкуулашты.

«Соттор менен нотариаттын өз ара аракеттенүүсү соттук коргоону камсыз кылууда башкы орунда турат. Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк сотко доо арыз бергенге чейин эле — далилдерди жоготуп алуу коркунучу жаралган учурдан тартып башталат», — деп белгиледи Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Ирина Горшковская.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар аткарылган иштерди жыйынтыктап, биргелешкен практиканы өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоо үчүн ведомстволор аралык диалогду мындан ары да чыңдоо зарылдыгын белгилешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button