Коом

Ак-Талаада Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга байланыштуу тургундарга жаңы жер берилет

Кыргызстандын Министрлер кабинети Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3,36 гектар жайыт жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өткөрүү чечимин кабыл алды.

Кеп Ала-Буга айыл аймагынын аймагындагы №3470 контурда жайгашкан жер тилкеси тууралуу болуп жатат.

Токтомго ылайык, жер тилкеси Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынган жерлердин ордуна жарандарга тең баалуу жер тилкелерин берүү максатында трансформацияланат.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына жерге байланыштуу документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, шаар куруу документтерин иштеп чыгып, бекитүү, жер тилкелерин максаттуу пайдаланууну жана зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары, аймакты өздөштүрүүдө сейсмикалык коопсуздук талаптары, жаан-чачын жана кар эриген сууларды буруу, айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык нормалар жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо талаптары эске алынууга тийиш.

Эгер жер тилкелеринен археологиялык объектилер табылса, жер казуу жана курулуш иштерине археолог-адис тартылышы керек.

Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button