Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамы жаңыланды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1.Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жарлык менен бекитилген Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:
Айылчиев Алмаз Асимович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Имангазиев Алмаз Кулубекович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Арабаев Чолпонкул Исаевич – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кайыпов Сулайман Турдуевич – Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун cоциалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор курамга киргизилсин.
Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевич, Баетов Аяз Батыркулович, Сагынбаев Канат Латипжанович курамдан чыгарылсын;



