Коом

Жаңы жылдык майрам күндөрү коомдук тартипти камсыздоо маселеси талкууланды

Жаңы жылдык майрам күндөрүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу маселеси Бишкек мэриясында талкууланды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдык майрамдык иш-чаралар өтө турган мезгилде шаардык кызматтардын жана укук коргоо органдарынын коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгы каралды.

Айрыкча эл көп чогулган жайларда укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чараларына, ошондой эле аялдарга жана жашы жете электерге карата жасалышы мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button