Кыргызстан менен Пакистан эки тараптуу документтерге кол коюшту. Тизме

Пакистан премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында бүгүн, 2-сентябрда саясий, соода-экономикалык, укук коргоо жана гуманитардык тармактарда кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров менен Пакистан премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
«Кыргыз почтасы» ААК менен «Пакистан почтасы» ортосундагы почта кызматтары жана электрондук коммерция чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө эки тараптуу ниет жөнүндө макулдашуу.
Кыргызстан менен Пакистандын өкмөтүнүн ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим;
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуу;
Министрлер кабинети менен Пакистандын өкмөтүнүн ортосундагы транзиттик соода жөнүндө макулдашуу;
2026-2027-жылдарга Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасы;
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистандын климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Агартуу министрлиги менен Пакистандын Федералдык билим берүү жана кесиптик даярдоо министрлигинин ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиги менен Пакистандын Виртуалдык активдерди жөнгө салуу органынын ортосундагы виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандум;
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Пакистандын Илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Соода-өнөр жай палатасы менен Пакистандын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңешинин ортосунда медициналык билим берүү жаатында кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Ички иштер министрлиги менен Пакистандын Ички иштер жана баңгизаттарды көзөмөлдөө министрлигинин ортосунда баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана ага байланыштуу маселелер боюнча кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Исламабаддагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Пакистандын Улуттук коргоо университетинин ортосундагы илимий изилдөө жана кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Ош шаары менен Лахор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндөгү келишим;



