Бишкекте жугуштуу ооруларды изилдей турган илимий борбор курулат

Бишкекте инфекциялык ооруларды изилдөөчү Россия-Кыргыз илимий борборунун курулушу башталды. Бул туурасында Роспотребнадзордун маалыматында айтылат.
Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова бул эпидемияларга каршы күрөшүүдөгү ири долбоор экенин билдирди.
Ал Россиянын аталган мекемеси менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги көп жылдан бери биокоопсуздук боюнча чогуу иш алып барып жаткандыгына токтолду.
«Биз биргелешип Кыргызстандагы чоң кишилерди гепатитке каршы эмдөө боюнча сынмак долбоорду ишке ашырганбыз. Биргелешкен долбоордун алкагында 2022-жылдан бери Кыргызстанда 700 миңден ашуун адам гепатиттин В түрүнө каршы россиялык вакцина алган. Мунун натыйжасында өлкөдө бул илдетке чалдыгуу үч эсе азайган», — деди Попова.
Жаңы мекеменин негизги иштери өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын козгогучтарын ыкчам аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, ошондой эле биологиялык коопсуздук, микробиология жана эпидемиология жаатында адистерди даярдоо экенин айтылды.



