Спорт

Валентина Шевченко Наталия Силвага каршы беттешке чыкпай турган болду

Аялдар арасындагы эң жеңил салмактын (57 кг чейин) UFC чемпиону Валентина Шевченко жаракатынан улам бразилиялык Наталия Силвага каршы беттеш өткөрө албайт.

Беттеш 3-октябрда АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өтө турган UFC 332 турниринде болушу керек эле.

«Валентина Шевченко жаракатына байланыштуу Наталия Силвага каршы беттештен чыкты. Буга чейин маалымдалгандай, бул беттеш 3-октябрда Солт-Лейк-Ситиде өтө турган UFC 332 турниринин негизги беттеши болмок», — деп жазды Championship Rounds социалдык тармактагы X баракчасында.

Валентина Шевченко 38 жашта. Ал профессионалдык аралаш мушташ (ММА) боюнча карьерасын 2003-жылы баштаган. 2015-жылдан бери UFC уюмунда күч сынашып келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button