Коом

Соң-Көлдө жапайы канаттууларды коргоо максатында тосмо орнотулду

Нарын облусундагы К. Базарбаев атындагы Кара-Тал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында жайгашкан жана Рамсар тизмесине кирген Соң-Көлдө жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иштер улантылууда.

«Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу» долбоорунун алкагында көлдүн корголуучу аймагындагы Батай-Арал жайлоосуна узундугу 1 чакырым болгон тосмо орнотулду.

Тосмонун негизги максаты — Соң-Көлдөгү маанилүү орнитологиялык аймакка адамдардын жана унаалардын көзөмөлсүз кирүүсүн чектөө. Бул чара жапайы канаттуулардын жашоо чөйрөсүн жана көбөйүү шарттарын сактоого, алардын тынчтыгын камсыз кылууга, ошондой эле аймакка болгон антропогендик басымды азайтууга багытталган.

Соң-Көл сууда сүзүүчү жана сууга жакын жашаган канаттуулар үчүн өзгөчө маанилүү мекен болуп саналат. Айрыкча көбөйүү мезгилинде адамдардын жана унаалардын көзөмөлсүз жүрүшү алардын жашоо шарттарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Батай-Арал аймагындагы тосмо Туруктуу өнүгүү стратегиясы институтунун жана Глобалдык экологиялык фонддун колдоосу менен орнотулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button