Коом

Кырчында ӨКМдин эки тик учагы нөөмөткө коюлду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосуна Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Airbus H-125 жана Airbus H-145 үлгүсүндөгү эки тик учагы нөөмөткө коюлду.

Министрликтин маалыматына караганда, зарыл болгон учурда тик учактар жабыркагандарды жана бейтаптарды медициналык мекемелерге тез арада жеткирүүгө даяр.

Мындан тышкары, Ысык-Көл районунда жана түздөн-түз Кырчын жайлоосунда өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу унаалар жайгаштырылды. Куткаруучулар мүмкүн болуучу кырсыктарга ыкчам жооп кайтаруу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн күчөтүлгөн күнү-түнү режиминде иштеп жатышат.

Кырчындын аймагында ӨКМдин көчмө госпиталы да ишин улантууда. Дарыгерлер Оюндардын катышуучуларына жана конокторуна медициналык жардамды жеринде көрсөтүп жатышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button