Коом

Кубатов: Эми өлкөбүзгө болгон кызыгуу дагы да артып, Кыргызстанга келген туристтердин саны кескин көбөйөт

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде ачылышы, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Кытай жана Пакистан сыяктуу эки ири мамлекеттин жогорку жетекчилигинин Бишкекке болгон мамлекеттик жана расмий сапарлары, ошондой эле Оюндардын жүрүшү дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болду. Бул тууралуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар Кыргызстанды планетанын 7 миллиарддан ашуун тургунуна таанытты.

«Эми өлкөбүзгө болгон кызыгуу дагы да артып, Кыргызстанга келген туристтердин саны кескин көбөйөт. Бул эми ишке ашкан факт. Эл аралык туристтик рейтингдерде Кыргызстан туристтердин кызыгуусу боюнча алдыңкы орундарга чыкты. Эгер өлкөбүздүн калкы 7,5 миллион адам болсо, быйыл Кыргызстанга дээрлик эки эсе көп — 13 миллион турист келет. Ал эми кийинки жылдары бул көрсөткүч 20–30 миллионго чейин өсүшү толук мүмкүн. Ошондуктан азыртан эле ар бир аймактагы, ар бир айылдагы мекендештерибиз мынча көп эс алуучуларды кабыл алууга даярданышы керек», — деди ал.

Эгер чет өлкөдөн 20–30 миллион турист келсе, алардын баарын мейманканаларга жана пансионаттарга жайгаштыруу мүмкүн болбой калат. Айрым туристтер арзаныраак, бюджеттик варианттарды издешет.

«Ошондуктан элибизди туристтерди ыңгайлуу шартта кабыл алууга даярданууга чакырам — боз үйлөрдү тигип, кошумча бөлмөлөрдү иретке келтирүү керек. Президент бир нече жолу: “Пайдалуу кендер түгөнөт, ал эми туризм Кыргызстан үчүн экинчи «Кумтөр» болот”, — деп айткан. Демек, ар бир үй-бүлө туристтерди кабыл алууга даярданышы керек. Мына, мамлекет башчысы алысты көрө билүү менен айткан учур келди. Туризм тармагы элибизге киреше алып келип, айылдан шаарга көчпөй эле акча табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп жыйынтыктады Кубатов.

Тектеш кабарлар

Back to top button