Коом

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйтүлөт

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар көбөйтүлөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койгону кабарланды.

Эмнелер өзгөрөт?

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга (1,20 коэффициентине) көбөйтүлөт. Бирок кошулган акча 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашык болбойт;

1-октябрдан кийин өлкөдө эң аз пенсия 8 800 сомдон кем болбойт. Эгер буга чейин берилип жаткан пенсия көбөйтүлгөндөн кийин да бул суммага жетпей калса, мамлекет аны 8 800 сомго чейин толуктап берет;

Мурда кошумча төлөмү менен 6 900 сом жана 7 100 сом алып жүргөн жарандардын негизги пенсиясы алгач ушул чекке чейин көтөрүлөт. Андан соң гана аларга жаңы 20 пайыздык жогорулатуу кошулат.

Бул максатта Финансы министрлиги Социалдык фондго бюджеттен дээрлик 34 миллион сом бөлөт. Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-октябрынан тартып иштей баштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button