Жунушалиев: Бишкекте жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантылат

Бишкек шаарында ШКУ саммитин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдөн кийинки аткарылуучу иштер талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мэрияда өткөн жыйында мэр Айбек Жунушалиев шаардагы жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттардын фасаддарын жаңылоо, жашылдандыруу жана көчөлөрдү көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.
Жыйында бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр жол жана инфраструктура объектилерине, фасаддарды жаңылоого жана башка иштерге бөлүнгөн каражаттар боюнча аудит жүргүзүп, чыгымдарды талдоону тапшырды.
Айбек Жунушалиев ар бир объект боюнча аткарылган иштердин көлөмү менен каржылык чыгымдар шайкеш болушу керектигин белгиледи. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилүүгө тийиш экенин айтты.
Жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө жана райондук администрацияларга конкреттүү тапшырмалар берилип, аткарылып жаткан иштердин сапатына, мөөнөтүнө жана бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү милдети коюлду.



