Коом

22-23-ноябрда 9-11-класстын окуучулары үчүн республикалык тестирлөө болот

Агартуу жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 22-23-ноябрында өлкө аймагында 9, 10 жана 11-класстын окуучулары үчүн ыктыярдуу негизде республикалык тестирлөө өткөрүлөт.

Министрлик билдиргендей, тестирлөөнүн негизги максаты — окуучулардын жетишкендиктерин көз карандысыз баалоо, аттестациялык жана мамлекеттик экзамендерге даярдоо, мектептеги баалоо ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тесттик материалдар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.

Тестирлөөгө катышкан окуучулар үч предметти өз каалоосу боюнча тандап тапшырат. Сынак окуучунун билим алган тилинде — кыргыз же орус тилинде жүргүзүлөт.

Тестке жалпысынан 3 саат 30 мүнөт убакыт каралган. Бул убакыттын ичинде окуучулар тандалган предметтер боюнча суроолорго жооп беришет.

Тестирлөө Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде уюштурулат. 

Министрлик бардык окуучуларды жана ата-энелерди маалымдуулук менен катышууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button