Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас облусунун Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы заманбап административдик имараты, спорт залы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы имарат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун демилгеси менен курулуп, Республикалык бюджеттен каржыланган.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

Жаңы комплекске жалпы аянты 1080 чарчы метр болгон эки административдик корпус, 1012 чарчы метрлик спорт комплекси жана кызматтык-чарбалык объектилер кирет.
Негизги үч кабаттуу корпуста жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, жыйындар залы, кызматтык бөлмөлөр, мыйзам талаптарына ылайык жабдылган убактылуу кармоочу жайлар каралган.
Экинчи корпуста кызматтык кабинеттер менен катар маалыматтарды ыкчам талдоого жана санариптик көзөмөл жүргүзүүгө багытталган ситуациялык борбор жайгашкан.
Спорт комплексинде футбол жана волейбол залы, машыгуу бөлмөсү, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөрү бар. Мындан тышкары, кызматтык автоунаалар үчүн 10 бокс, параддык аянтча, жашылдандырылган сейилдөө зонасы жана чарбалык жайлар курулган. Текшерип өткөрүү пункту, «бирдиктүү терезе» каралган.
Ачылыш аземде элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында милиция бөлүмүнө 2 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды. 70 миңден ашуун калкты тейлеген Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн эски имараты 1971-жылы курулган болчу.



