Өзбекстанда чек арада мыйзамсыз туннель казгандарга жоопкерчилик каралат

Өзбекстанда мамлекеттик чек аранын астынан мыйзамсыз туннелдерди жана башка курулуштарды куруу үчүн өзүнчө кылмыш жоопкерчилигин белгилеген мыйзам Сенатта жактырылды.
Мыйзамга ылайык, мындай мыйзамсыз курулуштарды пайдалануу, уюштуруу жана каржылоо үчүн да жоопкерчилик каралган. Ошондой эле чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана жер алдындагы туннелдер аркылуу контрабанда жасоо үчүн жаза күчөтүлөт.
Сенаттын маалыматына караганда, 2016–2025-жылдары Өзбекстандын мамлекеттик чек арасынан 12 мыйзамсыз туннель табылган. Алар аркылуу ири көлөмдөгү материалдык баалуулуктарды, валютаны жана башка товарларды өткөрүүгө аракеттер болгон.
Мыйзамда биринчи жолу мындай кылмышка барган адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Ал үчүн адам туннель тууралуу мамлекеттик органдарга өз ыктыяры менен билдирип, кылмыштын бетин ачууга активдүү көмөктөшүшү керек. Ошол эле учурда анын аракетинде башка кылмыштын белгилери болбошу зарыл.
Мындай иштер боюнча тергөө иштерин Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү жүргүзөт.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынан да буга чейин жер алдындагы мыйзамсыз курулуштар табылган.



