Коом

Бишкекте үч жаңы объект ачылды

Бишкек шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата үч жаңы өнөр жай объектиси ачылды. Бул тууралуу Мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, биринчи объект «КыргызТрансформатор” ЖЧКсынын базасында ишке киргизилген трансформаторлорду өндүрүүчү жаңы цех болуп саналат. Долбоорго 262 млн сом инвестиция салынган.

Экинчи объект “Биринчи индустриалдык комплекс” ЖЧКсынын кошумча кондитердик цехи. Объектке 306 млн сом инвестиция жумшалган.

Үчүнчү объект болуп курулуш металл конструкцияларын жана металл буюмдарын өндүрүүгө адистешкен “Флагман компани” ЖЧКсынын жаңы ишканасы эсептелинет. Долбоорго 175 млн сом инвестиция салынган.

Жалпысынан аталган үч объектти ишке киргизүүнүн алкагында 250дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button