Коом

Ошто эки соода-логистикалык борбор ишке кирди

Ош облусунда «Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун алкагында эки соода-логистикалык борбор ишке кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Финансы министрлиги менен биргеликте Дүйнөлүк банктын каржылык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ЦКА) жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААК аркылуу ишке ашырылууда.

Кеңеш айылында кошумча нарк чынжырынын «Мөмө-жемиш продукциясы» багыты боюнча «Эко Азык» ЖЧКсынын соода-логистикалык борбору пайдаланууга берилди.

Төлөйкөн айылында мөмө-жемиштерди шоктук жол менен тоңдурууга жана сактоого адистешкен «Азия Органикс» ЖЧКсынын соода-логистикалык борбору ишин баштады.

Белгиленгендей, мөмө-жемиштерди шоктук жол менен тоңдуруу жана сактоо боюнча соода-логистикалык борборлор айыл чарба тармагындагы сезондуулук жана түшүмдүн жоголушу сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган заманбап инфраструктуралык объектилер болуп саналат.

Комплекстердин ишке кириши айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жергиликтүү фермерлердин түшүмүн сактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле кошумча наркы жогору кайра иштетилген продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button