Өлкө боюнча биринчи класска 146,3 миң бала кабыл алынды

Кыргызстанда мектептерге биринчи класска 146,3 миң бала кабыл алынды. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.
Бишкекте 25,4 миң бала мектепке кабыл алынган. Анын ичинен 13,5 миңге жакыны кыргыз тилдүү класстарга, 11,9 миңден ашыгы орус тилдүү класстарга бөлүнгөн. Борбор калаада дагы 990дай бош орун бар.
2026/2027-окуу жылына республика боюнча жалпы 193,3 миң квота каралган. Анын 49 миңден ашыгы азырынча бош турат.
Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этапта балдар жашаган аймак боюнча кабыл алынса, азыр бош орундар бар мектептерге каттоого турса болот.
Кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы;
алган эмдөөлөрү тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы.
Белгилей кетсек, өлкөдө окуу жылы эртең, 15-сентябрдан башталат.



