Коом

“Бишкек Арена” 5-октябрда расмий ачылат

Борбор калаадагы жаңы “Бишкек Арена” стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага кирүү акысыз. Бирок тартипти сактап, тыгын жаратпоо үчүн чакыруу билетин алдын ала алуу зарыл. Жарандар аны tiсket.gov.kg мамлекеттик сайты аркылуу эртерээк алып коюшу керек.

Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев коомчулукта талкууланып жаткан дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти жана ага байланыштуу чыгашалар боюнча да түшүндүрмө берди. Ал аткаруучунун гонорары мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт деген маалыматтарды четке какты.

“Шакира боюнча да тактап коёюн, айрымдар гонорары кымбат экен деп жазып жатышат. Чет элдик артисттердин гонорарына бюджеттен бир тыйын да кетпейт. Муну атайын компаниялар уюштуруп жатат. Алар бизге стадион үчүн аренда төлөйт, ошондой эле сатылган билеттен түшкөн кирешеден дагы өз үлүшүбүздү алабыз”, — деп баса белгиледи Туманбаев.

Тектеш кабарлар

Back to top button