Саясат
Чыңгыз Ахматов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды

Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматына Ахматов Чыңгыз Аширбекович дайындалды.
Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.
Чыңгыз Ахматов 1981-жылдын 7-июлунда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.
2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында иштөөдөн башталган.
Ал прокуратура органдарында бир катар жетекчилик кызматты аркалап, 2024-2026-жылдары Ош облусунун прокурору болуп эмгектенген.



