Спорт

Ливандын улуттук курама командасы жолдоштук беттешке катышуу үчүн Бишкекке келди

Футбол боюнча Ливандын улуттук курама командасы Кыргызстан менен өтө турган жолдоштук беттешке катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Команданы «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Белгилей кетсек, 4-октябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Ливандын футбол курама командаларынын беттеши өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button