Коом

Жеке агенттиктерге жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда жеке агенттиктерге жумуш издеген жарандардан акы алууга тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан ведомство жумуш издөөчүлөрдөн акча талап кылуу жумушка орношууну татаалдаштырып, каржылык тоскоолдуктарды жаратат деп эсептейт.

«Эгер долбоор кабыл алынса, агенттиктердин кызмат акысын жумуш берүүчү гана төлөөгө тийиш болот», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жарандарды чет өлкөгө ишке жөнөткөн жана чет элдиктерди өлкө ичинде жумушка орноштурган агенттиктер беш жылдык лицензия алышы керек. Ал эми өлкө ичинде гана иш алып баргандар реестрге катталып, ар квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилет

.Ошондой эле сунушка ылайык, чет өлкөгө жумушка орноштурган агенттиктердин атайын эсебинде камсыздандыруу каражаты болушу шарт. Бул каражат өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жаранды мекенине кайтарууга, анын ичинде жол киресин төлөөгө, ошондой эле каза болгон же жаракат алган жарандарды алып келүүгө жумшалат.

Тектеш кабарлар

Back to top button