Чүй проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Мэриядан билдиришкендей, аталган көчөнүн Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктап, жол унаа кыймылы үчүн толук ачылды.
Жолду калыбына келтирүүнүн алкагында ирригациялык тармак жаңыланып, жолдун үстүңкү катмары алмаштырылып, эки катмар асфальт төшөлдү. Ошондой эле жол белгилери түшүрүлүп, бордюрлар жаңыланды.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй проспектисинин 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Анда диаметри 1000 мм, узундугу 1080 метр болгон жылуулук тармагы жаңыланды. Реконструкциянын жүрүшүндө түтүктөрдүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилди.
Бул жылуулук тармагы 1989-жылы пайдаланууга берилип, нормативдик кызмат өтөө мөөнөтү 25 жылды түзгөн. Бирок тармак 37 жыл эксплуатацияланып келгендиктен, аны жаңылоо зарылдыгы жаралган.



