«Балага сүйүнчү» жөлөкпулун эми «Түндүк» аркылуу арыз берүүгө болот

Кыргызстанда «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөкпулун алууга арыз берүү боюнча электрондук кызмат ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эми ата-энелер жөлөкпул алуу үчүн калкты тейлөө борборуна (КТБ) барбастан, смартфон аркылуу арыз бере алышат.
Министрликтин маалыматына караганда, жаңы кызмат Бирдиктүү социалдык камсыздоо системасына тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Бала төрөлгөнү жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында катталгандан кийин ата-энелер санариптик кызмат аркылуу аралыктан арыз бере алышат.
Ошол эле учурда жөлөкпулду мурдагыдай эле КТБ аркылуу тариздөө мүмкүнчүлүгү сакталат. Жарандар өздөрүнө ыңгайлуу болгон электрондук же салттуу ыкманы тандай алышат.



