Казакстан 2026-жылы мунай өндүрүүдө 6 млн тонна жоготту

Казакстанда 2026-жылы Каспий куур консорциумундагы (КТК) көйгөйлөрдөн жана Теңиз кениндеги авариядан улам мунай өндүрүү көлөмү болжол менен 6 млн тоннага кыскарган. Бул тууралуу 13-октябрда Казакстандын премьер-министринин орун басары — улуттук экономика министри Серик Жумангарин брифингде билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
Анын айтымында, жыл башындагы Теңиз кениндеги авария жана КТКдагы көйгөйлөрдөн улам пландалган көлөмдө мунай өндүрүлбөй калган.
«Биз болжол менен 6 млн тонна мунай өндүрө албай калдык. Тактап айтканда, мунай жер алдында турат, бирок экономикалык процесстерге катышпай жатат», — деп түшүндүргөн Жумангарин.
Казакстандын энергетика министринин орун басары Ерлан Акбаровдун маалыматына караганда, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөдө 69,4 млн тонна мунай өндүрүлгөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтүн 91,7%ын түзөт.
Жоголгон өндүрүш көлөмүн толуктоо үчүн бийлик Кашаган жана Теңиз кендериндеги пландуу оңдоо иштерин кийинкиге жылдырган. Ошондой эле мунай өндүрүүнү көбөйтүү боюнча ири жер казынасын пайдалануучу компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстанда 96 млн тонна мунай өндүрүү пландалууда. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы өлкөдө 99,55 млн тонна мунай өндүрүлгөн.
Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү планы Теңиз кениндеги өндүрүштүк үзгүлтүктөрдү жана КТКнын инфраструктурасына жасалган чабуулдарды эске алуу менен кайра каралганын билдирген.
Теңиз кенинде үч жолу авария болгон2026-жылы Теңиз кенинде үч инцидент катталган. 18-январда ГТЭС-4 электр станциясынын трансформаторлору күйүп, мунай өндүрүү дээрлик бир айга толук токтогон.
11-мартта каустикалык нейтралдаштыруу орнотмосунда өрт чыккан. Бирок ошол учурда өндүрүштү улантууга мүмкүн болгон.26-майда Теңиз кенинде дагы бир авария болуп, кендин оператору «Теңгизшевройл» өндүрүштүк үзгүлтүк болгонун билдирген.
Каспий куур консорциуму Теңиз, Кашаган жана Карачаганак сыяктуу Казакстандын ири кендеринен өндүрүлгөн мунайды Новороссийск шаарына жакын жайгашкан деңиз терминалына ташыйт.2026-жылы Кара деңиздеги консорциумдун инфраструктурасына жана мунай ташыган танкерлерге украиналык дрондор бир нече жолу чабуул койгон. Мунун айынан мунайды жүктөп жөнөтүү убактылуу токтоп, Казакстан көмүр суутектерин өндүрүү көлөмүн кыскартууга аргасыз болгон.



