Коом

Акунбеков: Фасоль сатып алууга 800 млн сом бөлүү маселеси каралууда

Кыргызстанда дыйкандардан фасоль сатып алууну колдоо үчүн 800 млн сом бөлүү маселеси каралууда. Чечим 7–10 күндүн ичинде кабыл алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Фасоль сатып алууга 800 млн сом бөлүү маселеси каралууда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, кызыл фасолду килограммын 100 сомдон, ал эми ак фасолду 130–135 сомдон сатып алуу пландалууда. Бул боюнча жеке тарап менен тиешелүү макулдашууга жетишилген.

Акунбеков бөлүнүшү мүмкүн болгон каражат жалпы түшүмдү сатып алууга жетишсиз экенин белгиледи. Талас облусунда жыл сайын 70–80 миң тонна фасоль жыйналат. Ал эми 800 млн сомго болжол менен 8 миң тонна, башкача айтканда, күтүлүп жаткан түшүмдүн 10 пайызга жакынын гана сатып алууга болот.

Министр баанын калыптанышына рыноктогу суроо-талап менен сунуш таасир этерин айтты. Учурдагы көйгөйлөрдүн бири — фасоль өстүрүүгө кеткен чыгымдардын жогору, түшүмдүүлүктүн төмөн болушу. Дыйкандар орто эсеп менен гектарынан 15 центнер түшүм алышат.

Анын белгилешинче, Айыл чарба министрлигинин негизги милдеттеринин бири — жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу. Эгер гектарынан 40–60 центнерге чейин түшүм алууга жетишилсе, дыйкандардын экономикалык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button