Коом

Бишкекте шаар четине каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жүрөт

Бишкекте шаар четине каттаган таксилер «Аламүдүн» базарынан Чыгыш автобекетинин маңдайындагы атайын аянтчага көчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Маалымдалгандай, ал жерге түндүк-чыгыш, түштүк-чыгыш багыттарына каттаган унаалар токтойт. Өзгөртүү башаламан унаа токтотууну азайтып, жакынкы көчөлөрдөгү тыгындан жеңилдетүүгө багытталганы кошумчаланды.

Муниципалитет калаа тургундарын жана жүргүнчүлөрдү жаңы тартипти эске алып, шаар четине каттаган таксилерге атайын уюштурулган аянтчадан отурууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button