Коом
Чүйдө 30 мектеп жана бала бакча экологиялык таза жылытуу системасына өтөт

Кыргызстандын Чүй облусундагы 30 мектеп жана бала бакча экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат. Ошондой эле тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу иштери жүргүзүлөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда. Долбоор 2029-жылга чейин уланат. Анын жалпы бюджети 10 млн долларды түзөт.
Долбоордун алкагында төмөнкү иш-чаралар каралган:
- Бишкек шаарындагы абаны булгоочу булактарды эске алуу менен зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу;
- 2028–2038-жылдарга абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу;
- Чүй облусундагы мектептерге жана бала бакчаларга жылуулук насосторун пилоттук негизде орнотуу.
Долбоор абанын сапатын жакшыртууга, жылытуу системаларынын экологиялык натыйжалуулугун жогорулатууга жана абанын булганышын азайтууга багытталган.



