Маданият
Кыргызстанда BTS тобунун жана Женнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүн
Кыргызстанда Backstreet Boys, BTS тобунун жана Женнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу продюсер Ислам Сатаров «ЭлТР» телеканалынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Backstreet Boys тобунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр аяктады.
«Концерт эки күнгө созулат. Билеттердин баасы Мирбек Атабековдун концертине караганда кымбат болбойт», — деди ал.
Бирок продюсер концерттин качан өтөрүн тактаган жок.
Ошондой эле Женнифер Лопестин командасы жана BTS тобу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түштүк Кореянын BTS тобу 2027-жылдын күзүндө Кыргызстанда концерт бериши мүмкүн.
Бул иш-чаралардын бардыгын «Бишкек Аренада» өткөрүү пландалууда.



