Саясат

Президент инвестициялардын көлөмүн жыл сайын 20 пайызга чейин көбөйтүү тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдарга ИДПнын реалдуу өсүшүн жылына орточо 8 пайыздан кем эмес деңгээлде кармоо жана чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн жыл сайын 20 пайызга чейин көбөйтүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле жеке менчикти коргоо жана ишкерлерди колдоо боюнча сот органдары менен биргеликте концепция иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, экспортко багытталган өнөр жай моделин иштеп чыгуу, ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү үчүн соода жана бажы саясатын жаңылоо милдеттери коюлду.

Инвесторлор үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу, инвестициялык макулдашууларды түзүү жана аларды коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү иштери улантылмакчы. Ошондой эле коомдун социалдык жактан аяр катмарын колдоо чараларын улантуу тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button