Коом

Өлкөнүн 25 мектебине Starlink спутниктик интернет-жабдуулары берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн 25 мектебине Starlink спутниктик интернет-жабдууларын тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматы терминалдар компания тарабынан акысыз берилгенин билдирди.

Эми алар жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке туташтырылат.

«Өкмөт алыскы жана жетүүгө кыйын айылдарга артыкчылык берүү менен мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди заманбап байланыш кызматтарына туташтыруу иштерин улантат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө спутниктик интернетти киргизүү боюнча сынамык долбоор 2025-жылы башталган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button